Жашыл Мурас кампаниясынын алкагында Нарын облусунда 312 000 көчөт отургузулат

Нарын өрөөнү
Жашыл Мурас кампаниясынын алкагында Нарын облусунда 312 000 көчөт отургузулат

2025-жылдын 2-апрелинде Нарын облусунда Жашыл Мурас акциясы боюнча кеңейтилген жыйын өттү.  Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары М.Аманкулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы Өкүлүнүн биринчи орун басары Сапаров А.С., облустук мекемелердин жетекчилери, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, Нарын шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, райондук токой чарба бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышышты. 

Жыйында райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары 2024-жылы Жашыл Мурас акциясынын алкагында отургузулган көчөттөр боюнча маалыматын жана 2025-жылы отургузула турган көчөттөр боюнча маалымат беришти. 2025-жылы Жашыл Мурас акциясынын алкагында Нарын облусунун аймагына 312 000 (үч жүз он эки миң) көчөт отургузулаары пландалды. 

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары М.Аманкулов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы Өкүлүнүн биринчи орун басары Сапаров А.С. райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына жана райондук токой чарба бөлүмдөрүнүн жетекчилерине белгиленген көчөттөрдү өз убагында отургузулушун камсыз кылуусун жана отургузулган көчөттөрдүн өнүмдүүлүгүнө көңүл буруулары зарыл экендигине токтолушуп, тийиштүү тапшырмаларды беришти.