“Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында мектеп аймагына көчөттөр отургузулду
23-октябрь 2025, 10:03
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев Л.В. Толстунова атындагы № 12-мектепке барып, жашылдандыруу иш-чарасына катышты.
Министр өз сөзүндө бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, мындай деди:
“Бүгүн биз абдан кубанычтуу окуяга күбө болуп турабыз — Сиздердин мектептин аймагында көчөттөр отургузулууда. Бул жөн гана иш-чара эмес, бул — биздин өлкөнүн, табигаттын жана коомубуздун келечегине кошкон зор салым”.
Министрликтин өкүлдөрү бул демилгеге сыймыктануу жана жоопкерчилик менен катышып жатышканын белгилеп, мындай иш-чаралар жаш муундун экологиялык аң-сезимин калыптандырууда, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого үйрөтүүдө жана коомдук жоопкерчилик сезимин бекемдөөдө чоң роль ойнойт.
Бул демилге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун жетекчилиги астында 2022-жылы башталган “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында ишке ашырылууда. Кампания өлкөнүн бардык аймактарын камтып, жыл сайын өтүүчү экологиялык салтка айланды.
«Бүгүн отургузулган көчөттөр — бул жашоонун, өсүштүн жана туруктуу өнүгүүнүн символу. Келгиле, бул көчөттөр силер менен кошо өсүп, чыңдалып, келечек муундарга көлөкө берип, таза аба тартууласын!» — деп белгиледи министр М. Машиев.
Иш-чаранын соңунда министр мектеп жамаатына жана окуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, чың ден соолук, дем-күч жана жашыл келечекке ишеним каалады.