“Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Чоң-Кеминде 2000 даана кайың көчөтү отургузулду
31-октябрь 2025, 14:52
“Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Чоң-Кеминде 2000 даана кайың көчөтү отургузулду
2025-жылдын 31-октябрында “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу менен биргеликте “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркында көчөт отургузуу иш-чарасын өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кичи-Кемин токой бөлүмүнүн аймагына 4 гектар аянтка 2000 даана кайың көчөтү отургузулду. Иш-чарага министр М. Машиев, агенттиктин директору М. Наспеков жана 200гө жакын кызматкерлер катышты.
Бак отургузуу иш-чарасы 23-октябрь – Эл аралык Ак илбирс күнүнө арналды. Ак илбирс — тоо экосистемаларынын тең салмактуулугунун символу. “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркында учурда 11 илбирс байырлайт.
Министр М. Машиев белгилегендей, “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн максаты — өлкө аймагындагы жашыл аянттарды кеңейтүү жана келечек муундар үчүн таза экологиялык чөйрө түзүү.
2025-жылы бул өнөктүктүн алкагында республика боюнча 8 миллион 300 миңден ашуун көчөт отургузулду.