Кыргыз Республикасында “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
09-март 2026, 16:04
Чүй өрөөнү
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясын ишке ашыруунун алкагында, жергиликтүү мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата республика аймагында 3 250,648 гектар жер аянтына 3 820 663 түп көчөт отургузулду. Отургузулган көчөттөрдү сугаруу жана коргоо боюнча иштер өз убагында жүргүзүлүүдө.
2025-жылы республика боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жалпысынан 8 миллион 239 миң 915 даана бак-дарактын көчөтү отургузулган. Алардын катарына терек, каражыгач, кайың, эмен, жаңгак, мисте, бадам, алма, өрүк, Тянь-Шань карагайы, кызыл карагай, арча, тыт жана башка дарактардын түрлөрү кирет. Көчөттөр 6 420 гектар аянтка отургузулуп, алардын өсүп кетүү көрсөткүчү 74,5 пайызды түзгөн.
2026-жылы өлкө боюнча жалпысынан 9 миллион даана бак-дарактын көчөтүн отургузуу пландалууда.