«Жашыл мурас» улуттук программасынын алкагында Талас районунун Каракол айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында жашыл карагай жана ак кайыңдын көчөрттөрү отургузулуп, көчөттөр отургузулган аймак мал-жандыктардан жана сырткы таасирлерден коргоо максатында толугу менен курчалды.

Талас өрөөнү



Бул иш-чара Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан аймактын экологиясын жакшыртуу жана жашыл аянттарды көбөйтүү максатында ишке ашырылды.

«Жашыл Мурас» президенттик программасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен 2022-жылы башталган жалпы улуттук экологиялык программа. Анын негизги максаты — өлкөнү жашылдандыруу, токой аянттарын көбөйтүү, климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирин азайтуу жана жарандардын жаратылышка болгон жоопкерчилигин жогорулатуу. 

2026-жылы «Жашыл Мурас» программасынын алкагында өлкө боюнча 9 миллион көчөт отургузуу пландалган.