Пластик калдыктары менен булганууга каршы жүргүзүлүп жаткан улуттук саясаттын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө уруксат берилген полимердик баштыктардын жана пластик буюмдардын тизмеси бекитилген.
19-октябрь 2026, 11:05
Пластик буюмдарын өндүрүүчүлөрдү жаңы талаптарга даярдоо максатында Министрликтин аянтчасында кеңири курамдагы тегерек стол өткөрүлдү. Ага министрликтердин жана ведомстволордун, Эл аралык ишкердик кеңештин өкүлдөрү, полимердик жана кагаз баштыктарды, пластик жумуртка таңгагын өндүрүүчүлөр, ошондой эле пластик калдыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү өндүрүштүк кубаттуулуктарды экологиялык жактан коопсуз, биологиялык жактан ажыроочу материалдардан жасалган таңгактарды жана кагаз баштыктарды чыгарууга өткөрүү маселелери талкууланды. Анын ичинде өндүрүш ишканаларынын даярдыгы, технологиялык линияларды жана өндүрүш процесстерин өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрү, чийки заттын курамын иштеп чыгуу, биокошулмалардын оптималдуу түрлөрүн тандоо, ошондой эле баштыктардын катмарларын калыңдатуу аркылуу алардын бекемдигин жогорулатуу жана көп жолу колдонууга жарамдуулугун камсыз кылуу маселелери каралды.
Негизги милдеттердин бири — баштыктарды тиешелүү лабораториялык сыноолордун жана экспертизалардын жыйынтыктарынын негизинде гана милдеттүү түрдө сертификациялоо. Бул алардын курамында биокомпоненттердин бар экендигин тастыктоону, маркировкалар менен камсыздоону жана өндүрүүчү тууралуу маалыматтарды Бажы бирлигинин «Таңгактын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин талаптарына так ТРТТ 005/2011 ылайык көрсөтүүнү камтыйт.
Ошондой эле «BIO» белгиси менен жалган маркировкаларды колдонуу практикасын токтотуу жана бул багыттагы көзөмөлдү күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, жүгүртүүгө этап-этабы менен чектөө киргизилип жаткан айрым түрдөгү пластик буюмдардын жана баштыктардын импортун көзөмөлдөө жана эсепке алуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Тегерек столдун негизги максаты — бизнес-коомчулук жана өндүрүүчүлөр менен конструктивдүү диалог түзүү, пластик буюмдарга карата жаңы стандарттарга акырындык менен өтүү үчүн алдын алуу чараларын көрүү жана аларды ишке ашыруунун жүрүшүндө жаралган маселелерди биргелешип чечүү болду.
Министрлик мындан ары да бизнес-коомчулуктун башка өкүлдөрү, ритейлерлер, соода түйүндөрү жана базар комплекстери, керектөөчүлөр жана башка кызыкдар тараптар арасында даярдык көрүү, маалыматтык-түшүндүрүү жана консультациялык иштерди улантууну көздөйт.