БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (КС-31) алкагында Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине жооптуу министрлеринин жогорку деңгээлдеги тегерек столуна катышты.

Чүй өрөөнү

Иш-чара КС-31ге төрагалык кылуучу тараптын демилгеси менен Түрк мамлекеттер уюмунун биргелешкен уюштуруусунда өткөрүлүп, айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттенүү жана туруктуу өнүгүү принциптерин илгерилетүү жаатында аймактык кызматташтыкты чыңдоонун келечегин талкуулоо үчүн аянтча болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында кабыл алынган «Түрк жашыл көз карашы: туруктуу келечек үчүн биримдик» аттуу стратегиялык документти иш жүзүндө жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле тегерек столдун катышуучулары стратегиялык макулдашуулардан конкреттүү биргелешкен демилгелерге өтүү мүмкүнчүлүктөрүн төмөнкү багыттар боюнча талкуулашты:

•    Эксперттик жана илимий кызматташтык: мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү, климаттык тобокелдиктерди баалоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча тажрыйба алмашууну үзгүлтүксүз уюштуруу;

•    Адаптациялоо боюнча биргелешкен долбоорлор: тоо жана токой экосистемаларын калыбына келтирүү, жерлердин деградациясына каршы күрөшүү жана эл аралык климаттык каржылоону тартуу боюнча демилгелерди иштеп чыгуу;

•    Институционалдык координация: ТМУнун Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жумушчу тобу аркылуу «Түрк жашыл көз карашы» документин ишке ашыруу планын өркүндөтүү.

Талкуунун жүрүшүндө 2027-жылы Кыргыз Республикасында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин экология маселелерине жооптуу министрлеринин үчүнчү жолугушуусун өткөрүүгө даярдык көрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап аталган иш-чараны «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммити менен айкалыштырып өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Бул аймактык экологиялык күн тартибин тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн илгерилетүү боюнча эл аралык аракеттер менен өз ара байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.

Түрк мамлекеттер уюмунун Катчылыгы аталган иш-чараларды координациялоого ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.