Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда 2026-жылга бекитилген илимий-өндүрүштүк иш планынын алкагында Франциянын «Осипантера» коомдук уюмунун эковолонтёрлорунун катышуусунда илимий экспедиция өткөрүлдү
19-август 2026, 11:17
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда 2026-жылга бекитилген илимий-өндүрүштүк иш планынын алкагында Франциянын «Осипантера» коомдук уюмунун эковолонтёрлорунун катышуусунда илимий экспедиция өткөрүлдү.
Экспедициянын негизги максаты — коруктун аймагындагы жапайы жаратылыштын абалына мониторинг жүргүзүү, жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн изилдөө жана биотехникалык иш-чараларды жүргүзүү болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө адистер жана эковолонтёрлор жапайы жаныбарлардын жашоо шарттарына байкоо жүргүзүп, алардын таралышы жана жүрүм-туруму боюнча маалыматтарды топтошту. Ошондой эле жаныбарлар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган бир катар биотехникалык иштер аткарылды.
Экспедиция учурунда сейрек кездешүүчү жана өзгөчө коргоого алынган жаныбарлардын бири — илбирсти тасмага тартып алуу мүмкүнчүлүгү жаралган. Бул факт коруктун аймагында жапайы жаныбарларды үзгүлтүксүз мониторингдөөнүн жана фотокапкандар аркылуу жүргүзүлгөн байкоолордун маанилүүлүгүн дагы бир ирет көрсөтөт.
Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу мындан ары да ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий-экологиялык уюмдар менен кызматташууну улантып, жаратылыш комплекстерин жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоого багытталган илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт.