Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгына жарандардан белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз аңчылык жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгына жарандардан белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз аңчылык жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Маалыматтын негизинде Регионалдык башкармалыктын инспекторлору Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды жүргүзүштү. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгында мыйзамсыз аңчылык жүргүзгөн жарандын өздүгү аныкталып, тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз аңчылык жүргүзгөндүгү аныкталды.

Аталган факты боюнча мыйзам бузган жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Мындан тышкары, жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча 6 000 (алты миң) сом өлчөмүндө доо коюлду.