Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгына жарандардан Бишкек шаарынын түштүк тарабында автоунаадан коюу кара түтүн чыгып жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн
21-август 2026, 09:13
Чүй өрөөнү
Келип түшкөн маалыматтын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте ыкчам-иш-чараларды жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө тиешелүү автоунаа аныкталып, ал транспорт каражаты «Э-А» ишканасына таандык экени белгилүү болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган автоунаадан атмосфералык абага белгиленген ченемдерден ашыкча булгоочу заттар чыгарылып жатканы аныкталган.
Аталган факты боюнча «Э-А» ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 23 000 (жыйырма үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.