Кыргызстандын аймактарында жайкы аттракциондорго коопсуздук боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат

Чүй өрөөнү
Кыргызстандын аймактарында жайкы аттракциондорго коопсуздук боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык регионалдык башкармалыктары тарабынан жайкы эс алуу сезонуна карата облустук аймактарда иш алып барган аттракциондорго пландан сырткары текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Аталган текшерүүлөр эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана "Аттракциондорду коопсуз пайдалануу эрежелеринин" талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында уюштурулган.


Белгилей кетсек, текшерүүлөр учурда Бишкек шаары, Ысык-Көл облусу жана Жалал-Абад шаарында пландуу жана пландан тышкаркы негизде өткөрүлүүдө.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында инспекторлор тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, эрежелерди бузган субъекттерге эскертүү барактары берилүүдө.


Мындай алдын алуу иш-чаралары аттракцион кызматын көрсөтүп жаткан ишкерлердин жоопкерчилигин жогорулатып, жарандардын жана балдардын коопсуз эс алуусун камсыздоого өбөлгө түзөт.