Аймактарга автотранспорттон чыккан түтүндүн зыяндуулугун анализдөөчү жабдыктар өткөрүлүп берилди

Чүй өрөөнү

Аймактарга автотранспорттон чыккан түтүндүн зыяндуулугун анализдөөчү жабдыктар  өткөрүлүп берилди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад жана Чүй регионалдык башкармалыктарына автотранспорттон чыккан түтүндүн зыяндуулугун анализдөөчү (газоанализатор) жана бөлүнүп чыккан түтүндүн коюулугун өлчөөчү жабдык (дымомер) өткөрүлүп берилди. Аталган каражаттар республиканын ири шаарларында автотранспорттон чыккан зыяндуу заттарды азайтуу иштерин жүргүзүү максатында колдонулат.

Өз кезегинде,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ынтымак парламенттик фракциясынын, үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде Ош шаарында өткөн көчмө жыйынын №97 чечиминде, абаны булганууда автотранспорт каражаттарынын үлүшү көп экендигин эске алып, бензин же дизель менен жүргөн автотранспорттордун салымы көп экендиги белгиленген.

Буга карата. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында, Чүй облусунда, анын ичинде Ош шаарында абанын булганышын азайтуу боюнча иш-аракеттер планы иштелип чыкты. Жакын арада ушундай эле иш-чараларды Жалал-Абадда, Токмокто жана өлкөбүздүн СМОГ байкалган ири шаарларында өткөрүү пландалып жатат.