“Бетон Стар“ ЖЧКсына карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталды
03-ноябрь 2025, 16:18
“Бетон Стар“ ЖЧКсына карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталды
2025-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан «Бетон Стар» ЖЧКсына карата пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ишканада айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Аталган мыйзам бузуулар КРнын Укук бузуулар кодексинин төмөнкү беренелерине ылайык катталды:
211-берене — Экологиялык талаптарды бузуу,
245-берене, бөлүм 3 — Өндүрүштүк коопсуздук эрежелерин сактабагандык,
230-берене — Тиешелүү уруксатсыз иш жүргүзүү,
209-берене — Жер, суу жана аба ресурстарын булгагандык.
Текшерүүнүн негизинде 4 протокол түзүлүп, ишканага жалпы 103 000 (жүз үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ишканаларга жана уюмдарга экологиялык жана коопсуздук талаптарын сактоонун зарылдыгын эскертет.
Мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу – айлана-чөйрөнүн, жарандардын ден соолугунун жана коомдук коопсуздуктун негизги кепилдиги болуп саналат.