5 тоннадан ашуун эндик чөбүнүн (макратомий) кургатылган тамырлары мыйзамсыз сакталган жеринен табылды

Чүй өрөөнү
5 тоннадан ашуун эндик чөбүнүн (макратомий) кургатылган тамырлары мыйзамсыз сакталган жеринен табылды

 2025-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмүнүн кызматкерлери, ИИМдин КК Биринчи Май  райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери жана “Эко Тартип” коомдук бирикмесинин экологиялык активисттери тарабынан биргелешип атайын ыкчам маалыматтын негизинде Бишкек шаарынын Пригородный аймагында жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин алкагында мыйзамсыз чогултулуп, тангакталып (упаковкаланып) сакталган эндик чөбүн (макратомий) аныкташты. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында 365 коробкага салынган, жалпы салмагы 5 тонна 302 килограмм болгон эндик чөбүнүн (макратомий) кургатылган тамырлары коробкаларга салынып, даярдалган абалда аныкталды. 

Табылган эндик чөбү шаар четиндеги складдардын биринде мыйзамсыз чогултулуп,чыгарып кетууго даярдалып жаткан. 

Окуя болгон жерден бардык тиешелүү иш-кагаздар толтурулуп,табылган эндик чөбүнүн тамыры атайын контейнерге киргизилип, убактылуу жабылып, мөөр басылды. 

Топтолгон материалдар жана иш-кагаздары андан ары иш-алып баруу учун Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Бардык кызыкдар тараптарды Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарын так сактоого жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоого активдүү катышууга чакырабыз.