«Геология бүгүн» рубрикасында 2025-жылдагы мамлекеттик ишканалар — «Кыргызгеология» жана «Борбордук лаборатория» — ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө айтып беребиз.

Чүй өрөөнү
«Геология бүгүн» рубрикасында 2025-жылдагы мамлекеттик ишканалар — «Кыргызгеология» жана «Борбордук лаборатория» — ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө айтып беребиз.
«Геология бүгүн» рубрикасында 2025-жылдагы мамлекеттик ишканалар — «Кыргызгеология» жана «Борбордук лаборатория» — ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө айтып беребиз.


«Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасы 2025-жылы өлкөнүн минералдык-чийкизат базасын кеңейтүү жана геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча негизги мамлекеттик оператор болуп иш алып барды.
2024–2025-жылдары ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоого республикалык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражаттарга заманбап геологиялык техниканын жана жабдуулардын 50дөн ашык бирдиги сатылып алынган.


Берилген лицензиялардын негизинде «Кыргызгеология» МИ лицензиялык аянттарда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүздү. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бир катар объекттерде болжолдуу ресурстар аныкталып, табылган запастарды мамлекеттик баланска коюу үчүн тиешелүү отчеттор даярдалды.


«Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасы 2025-жылы жер казынасын пайдалануу тармагында лабораториялык жана инспекциялык көзөмөлдү камсыз кылды. Инспекциялык тандоонун алкагында 181 миң тоннадан ашык концентрат жана 47,7 тонна технологиялык үлгү көзөмөлгө алынган.


Каржылык көрсөткүчтөр боюнча 2025-жылы ишкананын кирешеси 339,8 млн сомду, чыгашасы 210,0 млн сомду түзүп, таза пайдасы 116,8 млн сом. Бул көрсөткүчтөр лабораториянын тармактагы маанилүү ролун тастыктайт.


Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар:


2021–2025-жылдар аралыгында министрлик геология жана жер казынасын пайдалануу тармагында эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрдү. Бул мезгилде чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу боюнча 10дон ашык меморандум жана келишимдер түзүлгөн.


Эл аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында геологиялык изилдөөлөрдүн заманбап ыкмалары киргизилип, адистерди окутуу жана тажрыйба алмашуу иштери жүргүзүлгөн. Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн шарттар жакшыртылган.


2021–2025-жылдары тоо-кен тармагына багытталган инвестициялардын жалпы көлөмү 1 млрд АКШ долларынан ашкан.


Бул жыйынтыктар тармактын инвестициялык жагымдуулугу өсүп жатканын жана эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулаганын көрсөтөт.