Аламүдүн районунун Константиновка айылында белгиленбеген жерге таштанды төгүү фактысы аныкталып, мыйзам бузган жаран жоопкерчиликке тартылды
16-июнь 2026, 13:41
Чүй өрөөнү
Аламүдүн районунун Константиновка айылында белгиленбеген жерге таштанды төгүү фактысы аныкталып, мыйзам бузган жаран жоопкерчиликке тартылды.
Окуя тууралуу маалымат жергиликтүү тургундардан түшкөндөн кийин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору ыкчам түрдө жерине барып текшерүү жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуу фактысы толугу менен тастыкталып, М.Н. аттуу жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, административдик айып пул салынган.
Мындан тышкары, инспекторлордун мыйзамдуу талабынын негизинде укук бузуучу өзү төккөн таштандылардын бардыгын жыйнап, аймакты толугу менен тазалап чыкты.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды айлана-чөйрөнү таза сактоого, таштандыларды атайын белгиленген жайларга гана чыгарууга жана экологиялык талаптарды так сактоого чакырат. Мыйзам бузуу аныкталган учурларда мыйзамга ылайык 23 000 сомго чейин айыптык чаралар көрүлүшү мүмкүн.