Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында С.К. аттуу жаран мыйзамсыз түрдө Эндик чөбүнүн (макратомий) тамырын казып, чогултуп жана кургатып жаткандыгы аныкталды

Нарын өрөөнү
Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында С.К. аттуу жаран мыйзамсыз түрдө Эндик чөбүнүн (макратомий) тамырын казып, чогултуп жана кургатып жаткандыгы аныкталды

Бул багыттагы текшерүү иш-чарасы 2025-жылдын  20-августунда  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды контролдоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери, Жумгал райондук ички иштер бөлүмү жана Жумгал райондук салык кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте атайын маалыматтын негинде жүргүзүлдү.


Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандан жалпы салмагы 374,70 килограммды түзгөн 9 кап Эндик чөбүнүн тамыры табылып, тиешелүү чараларды көрүү үчүн Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.


Учурда мыйзамга ылайык бардык материалдар чогултулуп, мыйзам бузуу фактысы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.