Лебединовка айылында каналга саркынды сууларды агызуу фактысы аныкталды
24-ноябрь 2026, 11:46
Лебединовка айылында дренаждык каналга саркынды суулар агызылып жаткандыгы тууралуу келип түшкөң маалыматтардын негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жеке менчик мончодон чыккан саркынды суулар дренаждык каналга түз агызылып жатканы аныкталды. Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, мончонун ээси жоопкерчиликке тартылды.
Ошондой эле мыйзам бузууга жол берген тарапка аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана саркынды суулардын дренаждык каналга агышын токтотуу боюнча токтоосуз оңдоо иштерин жүргүзүү тапшырылды.