Орок айылында автотранспорт каражаттарынан чыккан зыяндуу заттарга көзөмөл жүргүзүлдү
18-сентябрь 2026, 10:44
Орок айылында автотранспорт каражаттарынан чыккан зыяндуу заттарга көзөмөл жүргүзүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын Орок айылында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — автотранспорт каражаттарынан атмосфералык абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн көзөмөлдөө, экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу жана абанын сапатына терс таасирин тийгизген факторлорду азайтуу.
Рейддин жүрүшүндө белгиленген экологиялык талаптарды бузган жарандарга карата 3 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 22 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан автотранспорт каражаттарынан атмосфералык абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын деңгээлин көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.
Мындай иш-чаралар атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга, транспорт каражаттарынан чыккан зыяндуу заттардын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууга жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоого багытталган.