Кемин районунун Шабдан айылында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан «Илбирс – Жашыл муун» коомдук фонду менен биргеликте, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана өнөктөштөрдүн колдоосу алдында уюштурулган «Ак илбирс ЭкоФест Чоң-Кемин – 2026» республикалык фестивалы өттү

Чүй өрөөнү
Кемин районунун Шабдан айылында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан «Илбирс – Жашыл муун» коомдук фонду менен биргеликте, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана өнөктөштөрдүн колдоосу алдында уюштурулган «Ак илбирс ЭкоФест Чоң-Кемин – 2026» республикалык фестивалы өттү

Кемин районунун Шабдан айылында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан «Илбирс – Жашыл муун» коомдук фонду менен биргеликте, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана өнөктөштөрдүн колдоосу алдында уюштурулган «Ак илбирс ЭкоФест Чоң-Кемин – 2026» республикалык фестивалы өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор үчүн экологиялык таза продукциялардын көргөзмөлөрү, чыгармачылык жана билим берүү аянтчалары, мастер-класстар, сүрөт көргөзмөлөрү, балдар арасындагы сынактар, спорттук мелдештер жана улуттук оюндар уюштурулду. Ошондой эле катышуучулар айлана-чөйрөнү коргоого ар бир адамдын салымын даңазалаган көчөт отургузуу экологиялык акциясына активдүү катышышты.

Жаштар жана студенттер арасында өткөрүлгөн «Жаштар – жаратылыштын сакчылары!» чыгармачылык сынагы, BARS FASHION – 2026 дизайнердик иштер сынагы, ошондой эле ЭкоФесттин гимнине арналган сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өзгөчө кызыгууну жаратты. Мыкты катышуучулар дипломдор, баалуу белектер жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

«Ак илбирс ЭкоФест Чоң-Кемин – 2026» фестивалы экологиялык агартуу багытындагы маанилүү иш-чаралардын бири болуп, коомчулуктун биологиялык ар түрдүүлүктү жана Кыргызстандын табигый мурастарын сактоо маселелерине болгон жогорку кызыгуусун дагы бир жолу тастыктады. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мындан ары да экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга жана өлкөнүн кайталангыс жаратылышын сактоого багытталган демилгелерди ишке ашырууну улантат.