Тамчы айылындагы курулуш объектисинде экологиялык талаптардын бузулушу аныкталып, компанияга 28 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл өрөөнү
Тамчы айылындагы курулуш объектисинде экологиялык талаптардын бузулушу аныкталып, компанияга 28 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл районунун жергиликтүү тургунунун кайрылуусунун негизинде Тамчы айылындагы курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан объектилердин биринде кароо иштери жүргүзүлдү.

Кароо иштеринин жүрүшүндө курулуш компаниясынын филиалына тиешелүү септиктин абалына жана саркынды сууларды башкаруу маселесине байланыштуу жагдайлар текшерилди.

Анын жыйынтыгында экологиялык талаптардын бузулгандыгы аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, тиешелүү компанияга 28 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, компанияга септикте топтолгон саркынды сууларды мындан ары атайын ассенизатордук унаа аркылуу үзгүлтүксүз сордуруп, белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү жайларга чыгарууну камсыз кылуу тапшырылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жеке жана юридикалык жактарды айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.