Виноградное айылында таштандыларды белгиленбеген жерге төккөн тарап жоопкерчиликке тартылды

Чүй өрөөнү
Виноградное айылында таштандыларды белгиленбеген жерге төккөн тарап жоопкерчиликке тартылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Аламүдүн районунун Виноградное айылынын аймагында тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге төгүү фактысы аныкталды.

Окуянын жүрүшүндө тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге төккөн КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ээсинин өздүгү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери менен биргеликте аныкталды. 


Аталган жаранга «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык протокол түзүлүп, административдик жоопкерчиликке тартылды.