Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматында Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү
12-июнь 2026, 15:40
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматында Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарада Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мамлекеттик антикоррупциялык саясатты ырааттуу ишке ашырып, коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө карата нөлдүк сабырдуулук принцибин карманарын дагы бир жолу тастыктады. Кызматтын негизги артыкчылыктарынын бири – мамлекеттик көзөмөлдүн ачык-айкындуулугун, мыйзамдуулугун жана коом алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылуу болуп саналат.
Жыйындын жүрүшүндө ИИМ өкүлдөрү коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын, пара алуу жана берүү үчүн каралган жоопкерчиликти түшүндүрүп, кызматтык тартипти сактоо жана кызматтык ыйгарым укуктарды жеке кызыкчылык үчүн пайдаланууга жол бербөө маселелерине өзгөчө токтолушту.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы коррупцияга каршы натыйжалуу күрөш ар бир мамлекеттик кызматчынын жеке жоопкерчилигинен башталарын белгилеп, мындан ары да мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту жана таза мамлекеттик кызмат принциптерин бекем карманып, коррупцияга каршы профилактикалык иштерди системалуу негизде уланта берет.