Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматында коррупцияга каршы күрөш боюнча кеңейтилген жыйын өткөрүлдү
15-апрель 2026, 09:29
2026-жылдын 14-апрелинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматында Чүй облусунун прокуратурасынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Чүй облусу жана Бишкек–Аламүдүн региону боюнча регионалдык башкармалыктардын катышуусунда тегерек стол форматында кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын негизги темасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 «Кыргыз Республикасында 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мамлекеттик стратегиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу болду. Мындан тышкары, 2026-жылдын 24-мартындагы №01-01/102 буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026–2027-жылдарга карата антикоррупциялык маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы да каралды.
Жыйындын жүрүшүндө Кызматтын директорунун орун басары Ж.К. Муратов сөз сүйлөп, Кызматта коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча ырааттуу жана системалуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун, отчеттуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Ошондой эле жыйында колдонуудагы антикоррупциялык мыйзамдардын талаптары, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу чаралары жана коррупцияга карата «нөлдүк сабырдуулук» принцибин калыптандыруу маселелери кеңири талкууланды.
Чүй облусунун прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн прокурору Кулмурзаев Нурсултан Алмазович коррупциянын мамлекеттик органдардын ишине тийгизген терс таасири тууралуу маалымат берип, мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөрдү, анын ичинде кызыкчылыктардын кагылышы маселелерин түшүндүрүп берди.
Кызматтын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Абдумалик уулу Чынгызбек жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик антикоррупциялык саясат оң жыйынтыктарды берип жатканын белгилеп, кызматкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого, кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарууга жана коррупциялык укук бузууларга жол бербөөгө чакырды.
Жыйындын алкагында бекитилген иш-чаралар планын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана өз убагында аткарылышын жогорулатуу боюнча сунуштар талкууланды. Ошондой эле кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик органдардын ишинде ачык-айкындуулук менен ачыктык принциптерин бекемдөө үчүн мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы антикоррупциялык алдын алуу чараларын системалуу түрдө улантып, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантат.