Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматында коррупцияга каршы жыйын өткөрүлдү
10-октябрь 2025, 11:28
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматында коррупцияга каршы жыйын өткөрүлдү
2025-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлерине арналган коррупцияга каршы жыйын болуп өттү.
Иш-чарага министрдин орун басары Раимкулова А.К. жана коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Какешов Б.Д. катышышты.
Жыйындын максаты — Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана мамлекеттик органдарда коррупциянын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү болду.
Өз сөзүндө министрдин орун басары Раимкулова А.К. коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүүнүн, жаңы ыкмаларды жана ачык-айкын башкаруу механизмдерин киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү коом алдында ачык жана жооптуу болушу зарылдыгын баса белгилеп, «коррупцияга каршы күрөш — ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилиги» экенин белгиледи.
Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Какешов Б.Д. жыйында «2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы туруу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин иш-чаралар планын» дыкат арткаруу боюнча ыкмаларын, сунуштарын берип жана кемчиликтерине токтолду.
Мындан тышкары, коррупциянын түшүнүгү, түрлөрү, антикоррупциялык мыйзамдардын негизги жоболору, мамлекеттик органдардагы ички көзөмөл жана жоопкерчилик чаралары тууралуу кеңири маалымат берди.
Ал өз сөзүндө белгилегендей, коррупцияга каршы аракеттер төмөнкү негизги багыттар боюнча жүргүзүлүшү керек:
мамлекеттик кызматта ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылуу;
мамлекеттик сатып алууларды жана каржылык операцияларды электрондук форматта жүргүзүү;
кызматкерлердин этикасын жана жоопкерчилигин жогорулатуу;
санариптик технологияларды киргизүү аркылуу коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу;
коомчулук менен активдүү иштешүү жана жарандык көзөмөлдү күчөтүү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Султангазиев Б.А. Министрликтин сунуштарын жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралар көрүлөөрүн билдирди. Ошондой эле Кызмат мындан ары да коррупцияга каршы туруу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашырууда активдүү иш алып барарын белгиледи.
Жыйындын соңунда Ведомстволор аралык жумушчу топтун сунуштары боюнча коррупцияга кары иш-чараларды активдештирүү масатында Министрликтин Убактылуу жумушчу топтун курамын тиешелүү сунуштардан кийин иштеп чыгышты.