Сокулук районунда мыйзамсыз таштанды төгүү фактысы аныкталды
04-ноябрь 2025, 12:25
Чүй өрөөнү
Сокулук районунда мыйзамсыз таштанды төгүү фактысы аныкталды
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгына телефон аркылуу, Сокулук районунун тургундарынан муниципалдык автоунаалар тарабынан мыйзамсыз таштанды төгүп жатат деген кайрылуу түшкөн.
Маалыматтын негизинде 2025-жылдын 4-октябрында Чүй регионалдык башкармалыгынын адистери тарабынан жер карамагын изилдөө иштери жүргүзүлдү.
Изилдөө иштеринин жүрүшүндө Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Токбай айылынын чыгыш тарабында, жалпы аянты 8,5 гектарды түзгөн мыйзамсыз таштанды төгүү жайы (стихийная свалка) аныкталды.
Учурда айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, материалдар Экология жана техникалык көзөмөл кызматына өткөрүлүп берилди — тиешелүү чараларды көрүү үчүн.