Сокулук районунда мораторийге кирген эндик тамырынын мыйзамсыз жыйналышы аныкталды

Чүй өрөөнү
Сокулук районунда мораторийге кирген эндик тамырынын мыйзамсыз жыйналышы аныкталды
Сокулук районунда мораторийге кирген эндик тамырынын мыйзамсыз жыйналышы аныкталды


Чүй регионалдык башкармалыгынын штаттан тышкаркы инспекторлорунун маалыматына ылайык, Сокулук районунун Торт-Күл айыл аймагында өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо багытында биргелешкен иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чаранын жүрүшүндө Почтовая көчөсүндөгү №77 үйдөн мораторийге кирген эндик өсүмдүгүнүн (макротомия) мыйзамсыз жыйналган тамыры табылды. Жалпы салмагы 1425 килограммды түзгөн чөптүн мыйзамсыз жыйналганы аныкталды.


Эндик чөп — убактылуу мораторий киргизилген өсүмдүк болуп эсептелет, анын жыйналышы мыйзам менен чектелген.


Аталган чөп тамыры ошол үйдө жашаган жаранга таандык экени белгилүү болду. Ал Кытай Эл Республикасынын жараны болуп, акыркы 10 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жүргөн.


Табылган чөптүн тамыры тиешелүү тартипте Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.


Иш-чара КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл  министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыктын кызматкерлери,ЭТККнын инспекторлору жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.