Сокулук районунда мыйзамсыз таштанды жайлары аныкталды: адистер изилдөө иштерин улантууда

Чүй өрөөнү
Сокулук районунда мыйзамсыз таштанды жайлары аныкталды: адистер изилдөө иштерин улантууда

Сокулук районунда мыйзамсыз таштанды жайлары аныкталды: адистер изилдөө иштерин улантууда

2025-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын адистери Сокулук районунун Манас айыл аймагында экологиялык абалды изилдөө иштерин жүргүзүштү.

Изилдөөнүн жүрүшүндө эки мыйзамсыз таштанды жайы аныкталды:
* Биринчиси -Манас айыл аймагындагы мурдагы Өрдөк фабрикасынын аймагында жайгашкан. Бул жерде тиричилик калдыктары жана биологиялык таштандылар топтолуп, айлана-чөйрөгө коркунуч жаратып жатканы белгилүү болду.
* Экинчиси - айыл аймактын түндүк тарабында жайгашкан тигүү цехтеринен чыккан калдыктар ташталган мыйзамсыз жай. Бул жер тез-тез өрттөнүп турат экен, ал эми калдыктардын көлөмү абдан чоң экени аныкталды.

Аталган фактылар мурда берилген эскертүүлөрдүн негизинде изилденип, жыйынтыгында материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн Экология жана техникалык көзөмөл кызматына өткөрүлүп берилди.