Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы №480 токтому менен бекитилген Жобого
16-март 2026, 16:44
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы №480 токтому менен бекитилген Жобого, 2026-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атайын конкурстук комиссиясы тарабынан Чүй облусунда жайгашкан аңчылык жерлерде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгына, ошондой эле Министрликтин 2026-жылдын 13-мартындагы №01-01/94 “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы №01-01/376 «Конкурстун жеңүүчүлөрү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругуна ылайык төмөнкүлөрдү билдирет:
– Чүй облусунун Чүй жана Кемин райондорунда жайгашкан №4 лот (№4 аңчылык жери), жалпы аянты 185 195,0 га боюнча – «Токмоктогу район аралык мергенчилер жана балыкчылар коому» коомдук бирикмеси жеңүүчү деп табылды.