Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаевдин тапшырмасынын негизинде өлкө аймагындагы катуу тиричилик калдыктарынын (КТК) полигондорун жана таштанды төгүүчү жайларды (свалка) инвентаризациялоо, алардын учурдагы абалын жеринде кароо жана тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
20-август 2026, 10:37
Бул багытта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Нарын облусундагы бардык айыл аймактардын жана шаарлардын таштанды таштоочу жайларына жеринде барып, текшерүү жана тактоо иштери жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгында Нарын облусунун 27 айыл аймагында жана 1 шаарында жалпы 74 таштанды таштоочу жай (свалка) бар экендиги аныкталды.
Инвентаризациянын негизги максаты — таштанды таштоочу жайлардын санын жана жайгашкан жерлерин тактоо, алардын учурдагы абалын баалоо жана катуу тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча мындан аркы иштерди пландаштыруу болуп саналат.
Министрликтин тапшырмасынын алкагында өлкөнүн башка аймактарында да КТК полигондорун жана таштанды төгүүчү жайларды инвентаризациялоо иштери улантылат.