Суусамыр өрөөнүндө балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысы аныкталды

Чүй өрөөнү
Суусамыр өрөөнүндө балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысы аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейддик иш-чараларды өткөрүү учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныкташты.

Аныкталган укук бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик протокол түзүлдү. Айып пулдун суммасы 20 000 сомду түздү.

Мындан тышкары, суу биологиялык ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом өлчөмүндө доо коюлду.


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги балык уулоонун белгиленген эрежелерин, өзгөчө урук чачуу мезгилинде, сактоо суу биологиялык ресурстарын коргоодо жана жаратылыштагы тең салмактуулукту сактоодо маанилүү экенин эскертет.