Сузак районунда эки мектептин администрациясына 34 миң сом айып салынды

Жалал-Абад өрөөнү
Сузак районунда эки мектептин администрациясына 34 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан Сузак районунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө эки мектептин аймагында тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерге топтоо фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, пландуу текшерүүнүн алкагында №90 Манас атындагы жана №1 Мадумар-Ата атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринин аймагында тиричилик таштандылары атайын белгиленбеген жерлерге топтолгону белгилүү болду.


Аталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, ар бир мектептин администрациясына 17 миң сомдон айып пул салынып, жалпы суммасы 34 миң сомду түздү.