Сузактагы кыш чыгарган ишкана абаны булгаганы үчүн жоопкерчиликке тартылды
17-ноябрь 2026, 14:16
Жалал-Абад өрөөнү
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сасык-Булак айылында жайгашкан кыш чыгарган чакан заводдо атмосфералык абаны коргоо талаптарынын сакталышын текшерүү максатында пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын мештеринин морлоруна чаң-газ тазалоочу орнотмолор орнотулбагандыгы аныкталды.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча текшерүү актысы түзүлүп, ишканага төрт пункттан турган эскертме берилди. Эскертмеде көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленди.
Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, ишканага 28 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.