Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти тарабынан Кара-Балта шаарынын тургундарынын кайрылууларынын негизинде Кара-Балта шаарынан жана Ново-Николаевка айылынан атмосфералык абадан үлгүлөр алынып мониторинг жүргүзүлдү
13-август 2026, 09:16
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти тарабынан Кара-Балта шаарынын тургундарынын кайрылууларынын негизинде Кара-Балта шаарынан жана Ново-Николаевка айылынан атмосфералык абадан үлгүлөр алынып мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг Кара-Балта шаарынын 40 лет Киргизии, Луговое, Тольятти, Железнодорожная, Токтогул, Самарбек уулу Өмүраалы көчөлөрүнөн жана Ново-Николаевка айылынын Москва көчөсүндөгү чекиттерден жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында чектүү деңгээлдеги концентрацияга салыштырууда азот кошкычкылы боюнча Кара-Балта шаарынын 40 лет Киргизии көчөсүнөн - 3,9 эсеге, Ново-Николаевка айылынын Москва көчөсүнөн 1,9 эсеге ашыкча көрсөткөн.
Калган чекиттерде чектүү деңгээлдеги концентрациядан ашкан эмес. Жыйынтыктоочу протоколдор андан ары иш алып баруу үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.