2026-жылдын 12-июлунда социалдык тармактарда Ысык-Көлдө коюу кара түтүн чыгарып бара жаткан «Дария» теплоходу тууралуу видеоматериал жарыялангандыгына байланыштуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бирдиктүү коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү

Ысык-Көл өрөөнү

2026-жылдын 12-июлунда социалдык тармактарда Ысык-Көлдө коюу кара түтүн чыгарып бара жаткан «Дария» теплоходу тууралуу видеоматериал жарыялангандыгына байланыштуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бирдиктүү коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жарыяланган видеоматериалды изилдөөнүн жыйынтыгында «Дария» теплоходун эксплуатациялоо учурунда атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын курамы боюнча белгиленген ченемдердин ашкандыгынын белгилери аныкталды.

Теплоходду мыйзам талаптарын бузуу менен пайдалангандыгы тастыкталгандыктан, күнөөлүү жакка карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Материалдарды кароонун жыйынтыгында 23 000 (жыйырма үч миң) сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Мындан тышкары, теплоходдун ээси (өкүлү) менен жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ушул тапта теплоходго жеринде болгон кароо иштеринде атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын курамы боюнча белгиленген ченемдердин ашкандыгы аныкталган жок.