Таласта мыйзамсыз аңчылык жана кум-шагыл казууга каршы рейд жүргүзүлдү

Чүй өрөөнү
Таласта мыйзамсыз аңчылык жана кум-шагыл казууга каршы рейд жүргүзүлдү
Таласта мыйзамсыз аңчылык жана кум-шагыл казууга каршы рейд жүргүзүлдү


Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгынын жана Министрликтин Талас РБнын кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 8-ноябрында Талас облусунун Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймагында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.


Рейддин негизги максаты — мыйзамсыз аңчылык фактыларын аныктоо жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу болгон. Текшерүү маалында кээ бир аңчыларда тиешелүү уруксат кагаздары бар экендиги тастыкталган. Ошол эле учурда, түн ичинде уруксатсыз түрдө кум-шагыл аралашмасын казып жаткан жарандар кармалды.


Жыйынтыгында К.Б.Б. аттуу жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жана жоруктар кодексинин 243-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.


Министрлик мыйзамсыз иш-аракеттерге каршы күрөштү улантып, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана табигый ресурстарды коргоо боюнча көзөмөл иштерин күчөтөрүн маалымдайт.