Таласта карышкыр жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу максатында иш чара өткөрүлдү.
26-октябрь 2026, 11:34
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Талас жана Бакай-Ата райондорундагы аңчылык кызматкерлери жана мергенчилер менен биргеликте карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу максатында рейддик иш-чара өткөрүштү.
Рейддик иш-чаранын негизги максаты — жапайы жаныбарлардын санын жөнгө салуу, айыл чарба малдарына келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын алдын алуу жана жаратылыштагы экологиялык тең салмактуулукту сактоого багытталган иштерди жүргүзүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мергенчилер тарабынан чөөлөр атылды. Рейдге тиешелүү кызматкерлердин жана мергенчилердин биргелешип катышуусу жаратылышты коргоо багытындагы иштерди уюшкандыкта жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.