Таласта Жаратылыш ресурстары министрлигинин регионалдык башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Талас өрөөнү
Таласта Жаратылыш ресурстары министрлигинин регионалдык башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине министр Акыл Токтобаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Акыл Токтобаев жаңы административдик имараттын ачылышы менен башкармалыктын эмгек жамаатын куттуктап, кызматкерлерге ак жол каалап, алдыдагы иштерине ийгиликтерди, өлкөбүздүн жаратылышын коргоо жана экологиялык абалды жакшыртуу багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүүгө тилектештигин билдирди.

Жаңы имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлердин натыйжалуу иштөөсүнө, жарандарды сапаттуу тейлөөгө жана мекеменин ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүгө жакшы шарттарды түзөт.

Салтанаттуу ачылыш аземинен кийин 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.


Жыйындын соңунда жаратылышты коргоо, экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоо жана Талас облусунун экологиялык абалын жакшыртуу багытындагы иштерди мындан ары да тынымсыз улантуу зарылдыгы белгиленди.