Талас облусунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды

Чүй өрөөнү
Талас облусунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды

Талас облусунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды

2025-жылдын 11-ноябрында Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу  Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери, Министрликтин Талас регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Үрмарал өзөнүндө рейддик иш-чара жүргүзүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталып, жеринде тактоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада эки жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүнүн талабына ылайык экөөнө эки укук бузуу протоколу түзүлдү.

Тиешелүү тартипте:

•    20 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды;

•    Айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 10 100 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы балык ресурстарын коргоо — биотүрдүүлүктү сактоонун маанилүү бөлүгү экенин эскертет жана жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.