Талас облусунда мыйзамсыз казуу жана балык уулоо фактылары аныкталды

Чүй өрөөнү
Талас облусунда мыйзамсыз казуу жана балык уулоо фактылары аныкталды

Талас облусунда мыйзамсыз казуу жана балык уулоо фактылары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жаратылыш пайдаланууларга бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.

2025-жылдын 28-октябрында Талас облусунун Манас районунун Семетей айылынын аймагында жүргүзүлгөн текшерүү учурунда кум-шагыл аралашмасын мыйзамсыз казуу фактысы аныкталды. Бул иш боюнча М.Э.Б. аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 243-беренесинин 4-бөлүгүнүн талабына ылайык 13 000 (он үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле, 2025-жылдын 26-октябрында Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Күмүштак өзөнүндө жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында, Талас регионалдык башкармалыктын инспекторлору жана Министрликтин Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Натыйжада К.А.Т. аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 10 000 (он миң) сом айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жаратылыш ресурстарын пайдаланууда мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат. Мыйзамсыз казуу, балык уулоо жана башка экологиялык бузуулар үчүн жоопкерчилик мыйзам чегинде сөзсүз түрдө караларын эскертет.