Талас токой чарбасында көчөттөрдү жабык тамыр системасы менен өстүрүү тапшырмасы берилди

Талас өрөөнү
Талас токой чарбасында көчөттөрдү жабык тамыр системасы менен өстүрүү тапшырмасы берилди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас токой чарбасына барып, мекеменин ишмердүүлүгү жана аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө министр токой чарбасынын жамааты менен жолугушуп, токой тармагын өнүктүрүү, көчөт өстүрүү иштеринин сапатын жогорулатуу жана алдыдагы жазгы токой отургузуу мезгилине даярдык көрүү маселелерин талкуулады.

Акыл Токтобаев токой чарбасынын кеңсесин, жабык тамыр системасы менен өстүрүлүп жаткан көчөттөрдүн абалын көрүп, ошондой эле токой үрөндөрүн, көчөттөрдү жана жашылча-жемиштерди сактоочу муздаткычты текшерди.

Жолугушуунун жыйынтыгында көчөтканалардагы көчөттөрдү жабык тамыр системасы менен өстүрүү ыкмасына өткөрүү, сапаттуу көчөттөрдү даярдоо, токой үрөндөрүн туура сактоо жана жазгы токой отургузуу иштерине өз убагында даярдык көрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.


Белгилей кетсек, Талас токой чарбасы 1947-жылы уюшулган. Бүгүнкү күндө анын жалпы аянты 36 807 гектарды түзөт. Токой менен капталган аянты 18,6 пайызды ээлейт. Токойду түзгөн негизги дарак түрлөрүнө арча, бака-терек, кара жыгач, мырза терек жана ар кандай бадалдар кирет. Токой чарбасы Талас, Кең-Көл, Арал жана Кара-Дөбө токойчулуктарын камтыйт.


Учурда Кыргыз Республикасынын аймагындагы токойлорду коргоо, сактоо жана натыйжалуу башкаруу иштерин 40 токой чарбасы, 1 токой-аңчылык чарбасы жана 1 токойлорду коргоо жана сактоо станциясы жүргүзөт.


Республика боюнча токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарды түзүп, өлкөнүн жалпы аймагынын 6,4 пайызын ээлейт.