Тбилиси шаарында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Грузиянын айлана-чөйрөнү коргоо жана айыл чарба министри Давид Сонгулашвили менен жолугушту.

Чүй өрөөнү
Тбилиси шаарында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Грузиянын айлана-чөйрөнү коргоо жана айыл чарба министри Давид Сонгулашвили менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосундагы практикалык кызматташтыкты чыңдоого берилгендигин ырасташты.

Кыргыз тарап эл аралык климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана климаттык долбоорлордун улуттук портфелин калыптандыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады. Ошондой эле «жашыл» инвестицияларды тартуу, эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен долбоорлорду ишке ашыруу жана жашыл каржылоо механизмдерин өнүктүрүү, анын ичинде биргелешкен демилгелерди даярдоо боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экендигин билдирди.

Тараптар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Кыргызстан дүйнөлүк флоранын болжол менен 2 пайызы жана дүйнөлүк фаунанын 3 пайыздан ашыгы топтолгон өлкө катары бул багытта Грузиянын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын системасын өнүктүрүү жаатындагы жетишкендиктерин эске алуу менен практикалык тажрыйба алмашууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык климаттык демилгелердин алкагындагы кызматташтык маселелерин сөз кылышты. Климаттык саясат, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана туруктуулукту жогорулатуу маселелери боюнча үзгүлтүксүз диалогду улантуу боюнча макулдашты.


Тараптар жетишилген макулдашуулар мындан ары кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы конкреттүү долбоорлорду даярдоого негиз болоруна ишеним билдиришти.