Токмокто экологиялык рейд жүргүзүлүп, беш айдоочуга 53 миң сом айып пул салынды
05-ноябрь 2026, 14:05
Атмосфералык абанын сапатын көзөмөлдөө жана автоунаалардан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын абага тийгизген таасирин азайтуу максатында Токмок шаарында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында беш автоунаадан зыяндуу заттардын белгиленген ченемден ашыкча бөлүнүп чыгып жатканы аныкталды. Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 53 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, айдоочулар арасында атмосфералык абаны булгоонун кесепеттери жана унаалардын техникалык абалын талаптагыдай сактоонун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.