Токтогул районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды

Чүй өрөөнү
Токтогул районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан ыкчам иликтөөнүн негизинде мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды.

Маалымат булактары аркылуу жарандардан түшкөн маалыматтын негизинде ошол эле күнү ыкчам иш-чара жүргүзүлүп, Токтогул РИИБине мыйзам бузуучуларды аныктоо боюнча кат жолдонгон.

Рейддин жыйынтыгында Токтогул районуна караштуу Кара-Жыгач айылынын тургундары тарабынан 9 даана кекилик ок атуучу куралсыз кармалып, пайдаланылганы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 263-беренесине ылайык протокол түзүлүп, 12 500 сом айып салынды. Ошондой эле Өкмөттүн №224 токтомуна ылайык 9 даана кекилик үчүн 36 000 сом өлчөмүндө доо эсептелди.

Министрлик жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын так сактоого чакырат