Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүлүп, 300 метр тор чыгарылды

Чүй өрөөнү
Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүлүп, 300 метр тор чыгарылды
Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүлүп, 300 метр тор чыгарылды


Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Токтогул суу сактагычында  рейддик иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чаранын алкагында балык ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу, жаратылышты коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу жана суу биологиялык ресурстарын коргоо максатында көзөмөл иштери жүргүзүлдү.


Рейддин жыйынтыгында Токтогул суу сактагычынан жалпы узундугу 300 метрди түзгөн мыйзамсыз балык уулоочу эски синтетикалык торлор чыгарылды.


Белгилей кетсек, аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 636 «Айрым суу сактагычтарда балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө» токтомун аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.


Жыл башынан бери Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Токтогул суу сактагычында жалпы 52 рейд өткөрүлүп, 40 800 метр синтетикалык тор жана 500 килограмм таштанды чыгарылды.