Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жерди тосуу иштери башталды
19-ноябрь 2026, 13:22
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматынын Тоскоол-Ата токой чарбасында токой фондунун жерлерин коргоону күчөтүү максатында 100 гектар аянтты тосуу иштери башталды.
Учурда долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон курулуш материалдарын жеткирүү иштери жүрүүдө.
Долбоордун алкагында Тоскоол-Ата токой чарбасынын Голмүн токой бөлүмүнө караштуу тилкелердин биринде жалпы аянты 100 гектарды түзгөн жер тилкеси тосулат.
Аталган иш-чара токой фондунун аймактарын мыйзамсыз жана көзөмөлсүз пайдалануунун алдын алууга, малдын башаламан жайылышын чектөөгө, жашыл өсүмдүктөрдүн жана токой ресурстарынын сакталышына шарт түзөт.
Белгилей кетсек, Тоскоол-Ата токой чарбасы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашкан. Ал 1997-жылы уюшулган. Токойдун аймагында жаңгак-мөмө жана башка дарак-бадал түрлөрүнөн турган табигый жана адамдын таасири менен калыптанган токойлор кездешет.