Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Калдыктарды жана саркынды сууларды туруктуу башкаруу башкармалыгында саркынды сууларды тазалоочу заманбап жабдууларды чыгаруучу «Евролос» компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү
09-июль 2026, 13:51
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Калдыктарды жана саркынды сууларды туруктуу башкаруу башкармалыгында саркынды сууларды тазалоочу заманбап жабдууларды чыгаруучу «Евролос» компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү.
Тараптар суу чыгаруу инфраструктурасын модернизациялоо, биринчи кезекте рекреациялык аймактарда, туристтик кластерлерде жана борборлоштурулган канализациясы жок калктуу конуштарда жергиликтүү (ЖТК) жана канализациялык-тазалоочу курулмаларды (КТК) киргизүү келечегин талкуулашты.
«Евролос» компаниясынын монолиттүү пластиктен жасалган жабдуулары биологиялык тазалоонун толук циклин камсыз кылары жана убакыттын өтүшү менен герметикалуулугун жоготуп, жер алдындагы сууларды булгаган эскирген бетон септиктердин ордуна кыйла ишенимдүү альтернатива болуп саналары белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар техникалык маалымат алмашууну улантууну, Кыргызстанда пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну карап чыгууну жана узак мөөнөттүү кызматташуунун потенциалын изилдөөнү макулдашышты.