Кочкор районунун Арсы айылындагы «Пруд» участкасында эч кандай уруксат кагазы жок балык уулап жаткан үч жаран аныкталып, аларга протоколдор толтурулуп, айып пул салынды
30-июнь 2026, 12:27
Нарын өрөөнү
Кочкор районунун Арсы айылындагы «Пруд» участкасында эч кандай уруксат кагазы жок балык уулап жаткан үч жаран аныкталып, аларга протоколдор толтурулуп, айып пул салынды.
Аталган факты Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери өткөргөн кезектеги рейди учурунда катталган.
Иш-чаранын башкы максаты — балыктарды мыйзамсыз уулоонун алдын алуу жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду. Башкармалык жарандарды жаратылышка аяр мамиле жасап, балык уулоо эрежелерин так сактоого чакырат жана мындай текшерүүлөр аймакта туруктуу жүргүзүлүп турарын эскертет.