Кырчын капчыгайында кыртышты жана өсүмдүк катмарын калыбына келтирүү боюнча экологиялык акция өттү

Чүй өрөөнү
Кырчын капчыгайында кыртышты жана өсүмдүк катмарын калыбына келтирүү боюнча экологиялык акция өттү
2026-жылдын 12-сентябрында Кырчын капчыгайында кыртышты жана өсүмдүк катмарын калыбына келтирүү боюнча биргелешкен экологиялык акция өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.


Акция Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында боз үйлөр жана убактылуу объектилер жайгаштырылган аймактардагы топуракты жана жашыл өсүмдүк катмарын калыбына келтирүү максатында уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү климатка ылайыкташкан көп жылдык шалбаа чөптөрүнүн жана эндемикалык өсүмдүктөрдүн уруктары себилип, тиешелүү агротехникалык иштер жүргүзүлдү.


Экологиялык акцияга 100гө жакын адам катышып, Кырчын капчыгайынын экологиялык абалын жакшыртууга өз салымдарын кошушту.