Солтон-Сары ѳрѳѳнүндѳгү алтын ѳндүрүүчү комбинатын жаңылоо (модернизация) иштеринин жүрүшүндө ѳрѳѳндѳ калдык сактоочу жайдын (хвостохранилище) курулуш иштериндеги экологиялык талаптардын сакталышы боюнча кароо иштери жүргүзүлдү
17-июнь 2026, 09:53
Чүй өрөөнү
Солтон-Сары ѳрѳѳнүндѳгү алтын ѳндүрүүчү комбинатын жаңылоо (модернизация) иштеринин жүрүшүндө ѳрѳѳндѳ калдык сактоочу жайдын (хвостохранилище) курулуш иштериндеги экологиялык талаптардын сакталышы боюнча кароо иштери жүргүзүлдү.
Иш чаранын жүрүшүндө калдык сактоочу жайдагы курулуш иштеринин жүрүшүндө экологиялык талаптарды одоно бузуу фактылары катталган жок жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан экологиялык талаптардын жана мыйзамдардын так сакталышы, айлана-чѳйрѳгѳ аяр мамиле жасоо башкы орунда экендиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул объект ишке ашырыла турган масштабдуу мамлекеттик программага киргизилген жана курулуш иштерин кабыл алуу 2026-жылдын август айына мерчемделген.